«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт

24 Марта 2015

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2015- жылдын 25-мартында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

  Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9-00 дөн тартып, 17-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Мындан тышкары 2015-жылдын 25-мартында саат 9-00 дөн 11-00 гө чейин Кемин районуна электрэнергиясын берүү токтотулат.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар