Темир жол лицейи өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрдү

31 Марта 2015

Машыгуу башталаар алдында лицейдин студенттери үчүн атайын лекция окулду.

Андан соң 3 багыттагы өрткө каршы машыгуу жүрдү.

 Биринчиден: эки кабаттуу имараттан жабырлануучларды куткаруу, экинчи багыт: өрт болгон жердеги өрттү өчүрүү жана андагыларды куткаруу, үчүнчү багыт: жабырлануучуларга тийиштүү медициналык жардам көргөзүү. Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан атайын колдоолор көргөзүлүп, практика жүзүндө даярдыктар жүрдү.

Машыгуунун жыйынтыгында белгиленгендей өрткө каршы даярдык жогорку деңгеелде өтүп, №97-темир жол лицейинин студенттери жана окутуучулары эң мыкты чеберчиликти көргөзүштү.

Машыгууга Бишкек шаарынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана граждандык коргонуу бөлүмүнүн адистери катышты.

         

         

         


 

Бардык жаңылыктар