Темир жолчулар “Апрель баатырларын” эскеришет
2 Апреля 2015
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2015-жылдын 4-апрелинде “Локомотив” спорт комплексинде “Апрель ыңкылабынын 5 жылдыгына” арналган футбол боюнча мелдеш өткөрөт.
2010-жылдын 7-апрель күнү “Ала-Тоо” аянтына эл менен кошо нааразычылыгын билдирип темир жолчулар да чыгышкан. Кандуу бийликтин аткан огунан темир жолчу Рустам Шамбетов жана темир жолчу Замир Казиевдин уулу Марат Казиев каза болгон. Бир катар темир жолчулар оор жаракаттарды алышкан. Учурда “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан акча каражаты бөлүнүп, аларга тийиштүү медициналык жардам көргөзүлүп турат.
Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын кызматкери Аметбек Асланов бутуна тийген октон айыга албай чет мамлекеттен кымбат баадагы операция жасатып келди. Операцияга кеткен чыгымды толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы төлөп берген.
Апрель баатырларына арналган футбол боюнча мелдештин расмий бөлүгүндө каза болгондордун жаркын элесине арналып куран окулат. Президенттин Аппаратынан, Кыргыз өкмөтүнөн жана Жогорку Кеңештен расмий адамдар сөз сүйлөп, баатырларды эскеришет.
Ал эми футбол боюнча турнирге 30 дан ашык команда катышып жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет.
1-орунга 25 000 сом,
2-орунга 20 000 сом,
3-орунду ээлеген командага 15 000 сом акчалай сыйлыктар белгиленген.
Мындан тышкары 40 000 сомдук кызыктыруучу сыйлыктар жана атайын дипломдор тапшырылат.
Бардык жаңылыктар