Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгы “Кыргыз темир жолу” ишканасында белгиленди

6 Апреля 2015

Мындан 5 жыл мурда болгон Апрель революциясы темир жолчулардын жүрөгүндө да айыккыс жара калтырды.

 Ошол кездеги кандуу бийликтин аткан огунан темир жолчу Рустам Шамбетов жана темир жолчу Замир Казиевдин уулу Марат Казиев окко учкан. Бир катар темир жолчулар оор жаракаттарды алышкан. Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын кызматкери Аметбек Асланов бутуна тийген октон айыга албай чет мамлекеттен кымбат баадагы операция жасатып келди. Операцияга кеткен чыгымды толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы төлөп берген.

 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” спорт комплексинде Апрель ыңкылабынын 5 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп, ага темир жолчулар менен кошо атайын расмий адамдар катышты. Иш-чарага келген Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында: темир жолчулар алгачкылардан болуп республикалык деңгеелде эскерүү салтын жасап жатышат. Мындай иш-чараны уюштуруу ар бир атуулдун милдети – дейт эл өкүлү өз сөзүндө.

 Ал эми ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаев ишкана тарабынан жаракат алгандарга мындан ары да ар тараптуу колдоолор көргөзүлөөрүн баса белгиледи.

 Эскерүүдө “Эр-теги” коомдук уюмунун Төрагасы Осунбек Жамансариев, “Айкөл-Ала-Тоо” коомунун өкүлдөрү жана темир жолчу Замир Казиев сөз сүйлөп, апрель окуясынын баа жеткис маанисин баса белгилешти. Эскерүү салты маркумдардын арбагына арналган куран менен жыйынтыкталды.

 Апрель баатырларына арналган футбол боюнча мелдешке 32 команда катышып, биринчи орунду ээлеген “Крупская” командасына 20 миң сом акчалай сыйлык, кубок жана диплом тапшырылды. Ал эми экинчи орунду ээлеген “Төш булак” командасына 15 миң сом, кубок жана диплом, үчүнчү орунду жеңип алган “Новопавловка” командасына 10 миң сом сыйлык, кубок жана диплом ыйгарылды.
Мындан тышкары 40 миң сомго барабар кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.

            

            

Бардык жаңылыктар