“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды.
7 Мая 2015
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев бүгүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчини тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Буйругуна ылайык Ногойбаев Алмазбек Бердибекович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору болуп дайындалды.
Алмазбек Ногойбаев буга чейин ишканада Башкы директордун биринчи орун басары катарында иштеп келген.
Ал эми ишкана жетекчисинин Биринчи орун басарлыгына Бектемиров Руслан Канжарбекович дайындалды.
Бардык жаңылыктар