Темир жолчулар Улуу жеңиштин 70 жылдыгын белгилешти.
8 Мая 2015
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата митинг-реквиемге чогулушту.
Иш-чара 8-майда “Пишпектеги” жеңиш аянтчасында өткөрүлдү. Бул күнү алгач андагы эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, андан соң Улуттук гаврдиянын ардактуу караул ротасы асманга ок атышты. Иш-чарада албетте согуш ырлары жаңырып турду. Ардагерлердин дарегине жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылып, салтанаттын соңунда ардагерлер үчүн сый-тамактар берилди.
Учурда “Кыргыз темир жолунда” 1 миң 329 темир жолчу пенсионерлер, анын ичинде 13 согуш ардагерлери жана 49 оруктун ардагерлери катталган.
Бул тарыхый датага карата “Кыргыз темир жолу” тарабынан акчалай сыйлыктар белгиленген. Бул күнү 10 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 3 миң сомдон, ал эми 38 оруктун ардагерлери 2, 500 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.
Майрам ээлерин Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев куттуктап келди.
Бардык жаңылыктар