“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Россияга каттоочу поезддерге билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт

20 Мая 2015

Россия жана Казахстан менен кабыл алынган макулдашууга ылайык, эми поезддердин жүргүнчүлөрү билеттерди алдын-ала сатып алса жеңилдиктер берилет.

Мындай жеңилдиктер алдын-ала сатылып алынган билеттердин мөөнөтүнө жараша болот.

Эгерде жүргүнчү Россияга сатылуучу поезд билеттерин 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 35 % жеңилдик берилет.

Ал эми поезд жөнөрдөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 25 % га арзан баада сатып алса болот.

Маселен, Бишкек-Москва поездине билет баасы: буга чейин 15 миң 860 сом болсо, 35 % жеңилдик менен: 10 миң 309 сомго сатып алса болот.

Бишкек–Екатеринбург поезди: 9 миң 193 сом болсо, азыр жеңилдик менен: 5 миң 917 сомго сатып алса болот.

Новокузнецк багытында 5 794 сомго алса болот.

Эскерте кетүүчү нерсе: мындай жеңилдиктер Кыргызстандын ички поезддерине жана жамаат менен жол жүрүүчү жүргүнчүлөргө берилбейт.Ошондой эле жол жүрүү билетинин баасы швейцария франкынын курсуна барабар өзгөрүлүп турат.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75.

Бардык жаңылыктар