«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Беларусь Республикасында өткөн шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кенешинин 62-отурумуна катышты.

25 Мая 2015

Кеңештин жыйынына Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикистан, Туркменистан, Узбекистан жана Украинанын темир жол администрацияларынын жетекчилери катышты.

 Ошондой эле Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Калинин, Транспорт жана коммуникация министри Анатолий Сивак катышып, сөз сүлөштү.

 Анатолий Калинин өз сөзүндө белгилегендей: темир жол транспорту бул – ар бир мамлекеттин негизги эффективдүү экономикалык саясаты болуп эсептелет.

 “Биз темир жол транспортуна жүргүнчүлөрдү тартуу боюнча кошумча чараларды көрүп, тариф саясатын оптималдаштыруу аракеттерине баруубуз шарт” – деп баса белгиледи “Россия темир жолу” ААКнун Президенти, Кеңештин Төрагасы Владимир Якунин.

 2014-жылы эл аралык каттамдар боюнча шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол каттамдарында 27 млн. 715 миң жүргүнчү ташылган.

 Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кенешинин 62-отурумунда поезд каттамдарынын графиги, темир жолду эксплуатациялоо иштеринин жыйынтыгы каралып, бир катар документтерге өзгөртүүлөр киргизилди.

Бардык жаңылыктар