Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңеши Кыргыз темир жолчуларын Ардак грамота менен сыйлады
29 Мая 2015
“Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бир катар кызматкерлери шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин жогорку сыйлыгына татыктуу болушту.
Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин чечими менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Профсоюз уюмунун Төрагасы Мазитов Роберт Миргазиановичке, Башкы инженери Лиличенко Николай Викторовичке, темир жолун долбоорлоо дирекциясынын директору Адыкеримов Канатбек Абдыжапаровичке, вагон чарбасы филиалынын башчысынын орун басары Студеникин Руслан Расуловичке шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылды.
Жогоруда аты аталган темир жолчуларга мындай жогорку сыйлык алардын темир жол транспортундагы өз ара кызматтыштыкты бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн берилип олтурат.
Эске салсак, шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 62-жыйыны Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуп өттү.
Бардык жаңылыктар