Темир жолчулар Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилешти

2 Июня 2015

Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамды ишкананын профсоюз уюму уюштурду.

 Бүткүл дүйнө жүзүндө бул майрамды жылуу маанай менен тосуп алышат. Анткени ар бир адамдын жашоосунда баладан артык нерсе жок.
Балдар майрамын темир жолчулар клубунун бий студиясынын өнөрпоздору “Жай” аттуу бийи менен баштап беришти. Бул күн жайдын алгачкы күнү эмеспи.

 Оюн-зоок программасында 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып, аларга белек-бечкектер тапшырылды. Ошондой эле “Кара жорго” бийи өзгөчө шаң тартуулады.

 “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин атынан профсоюз уюмунун төрагасы Роберт Мазитов куттуктоо айтып, маданий мекемеде балдар үчүн бардык шарттар бар экендигин белгиледи.

         

         

Бардык жаңылыктар