Темир жолчу Максим Стихин сумо боюнча турнирде байгелүү II орунду жеңип алды.

24 Июня 2015

Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык окуу жайында сумо бюнча мелдеш болуп өттү.

 

  Аталган турнир Кыргызстанда сумонун негиздөөчүлөрү Эшим Кутманалиев менен Сарыгул Чекировдун элесине арналды. Килем үстүндөгү кармашка жаштар жана кыздар чыгып мелдеш кызыктуу өттү. Ошентсе да айрым беттешүүлөр 15 секундга гана созулуп жатты. Белгилей кетүүчү нерсе турнирдин жыйынтыгы менен Японияда өтүүчү турнирге балбандар тандалып алынат. Бул мелдешке катышкандардын баарына “Сумо мен сени жакшы көрөм” деген жазуусу бар футболкалар белекке берилди.

  Эске салсак, Кыргызстандын сумо боюнча Асоциациясы 1995-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылы Кыргызстандын курама командасы Токио шаарында өткөн чемпионатка катышып, алдыңкы 10 мыкты команданын катарына кирген. Ал эми 2000-жылы Казахстандын ачык чемпионатына катышып биринчи орунга татыктуу болгон.

                                                            

Бардык жаңылыктар