Кыргыз темир жолу – Кыргыз өкмөтүнүн колдоосуна арзыды.

13 Июля 2015

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын 2014- жылдагы кирешесинин 25% акча каражаты тепловоз паркын модернизациялоого жумшалат.

 

   “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 2014-жылдын таза кирешесинен бюджетке 25% каражатты гана төлөп берет. Буга чейин таза кирешенин 50% төлөнүп келген. Мындай чечимди Кыргыз өкмөтү кабыл алды. «Мамлекеттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу» жөнүндөгү токтомуна толуктоо, өзгөртүү киргизилип, тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койду.

 Эми үнөмдөлгөн 25% акча каражаты «Кыргыз темир жолу» ишканасы тарабынан тепловоз паркын модернизациялоого жумшалат. Тактап айтканда, буга чейин узак мөөнөткө сатылып алынган бешинчи муундагы жаңы  тепловоздорго төлөнүп берилет.

Мындан тышкары, жүктөрдү түшүрүүчү “Аламүдүн” станциясына кран сатып алууга, темир жолду модернизациялоого сарпталат.

 Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер «2014-2020- жылдарга карата Кыргыз темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча» Программасынын алкагында жүзөгө ашырылмакчы. Аталган Программа Кыргыз өкмөтүнүн 2014- жылдын 30- сентябрындагы  №558 токтому менен бекитилген.
 

Бардык жаңылыктар