"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин куттуктоосу

29 Июля 2015

Урматтуу темир жолчулар! Сиздерди август айынын алгачкы жекшембиси – темир жолчулардын кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын.

 

 1924-жылдын август айында Кыргыз жергесине эң алгачкы поезд келген. Бул тарыхый дата – Кыргызстандын транспорт тармагында жаңы барагын ачып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуучу келечектеги ири стратегиялык обьектинин калыптанышына зор өбөлгө болгон.

 Бүгүнкү күндө өтө тез темп менен өнүгүп жаткан маалымат технологиялары темир жол тармагын да жаңыча иштөөгө мажбурлайт. Ошондуктан, биз 2012-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиябызда төмөнкү негизги приоритеттерди кабыл алдык:
- өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- жол чарбасын жана паркты модернизациялоо;
- темир жол секторун электрификациялоо;

  Учурда темир жол магистралын жаңыртуу багытында иш-аракеттер жүрүп, азыр жалпысынан 100 чакырымдан ашык жол модернизацияланып, темир бетон шпалдары төшөлүп чыкты.

 2014-жылы Президент жана Кыргыз Окмөтүнүн колдоосу менен тепловоз сатып алуу аракетибиз оң жагына чечилип, Казахстандан чыгарылган ТЭ33А Еvolution моделиндеги бешинчи баскычтагы 6 жаңы локомотив алынып келинди.

 Жыл сайын темир жолу аркылуу 7 млн. тоннадан ашык жүк ташылып турат. Салык, социалдык төлөмдөр боюнча өлкөдө алдыңкы 10 ишкананын катарындабыз.

 Ардактуу Кыргызстандын темир жол кызматкерлери!
Сиздердин ар бириңиздерге темирдей бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ачык асман каалаймын!


урматым менен,

Алмазбек Ногойбаев    
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору

 

Бардык жаңылыктар