Август айынын алгачкы жекшембиси – темир жолчулардын кесиптик майрамы.
29 Июля 2015
Кыргызстандын темир жолчулары кесиптик майрамын майрамдоо алдында.
2015-жылдын 31-июль күнү майрамдык иш-чаралар башталат. Алгач Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болот. Бул расмий иш-чара саат: 10-00 да башталып, КРнын өкмөтүнөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, Кыргыз темир жолунун Башкармалыгынан өкүлдөр катышат.
Темир жолчуларга куттуктоолор айтылып, өкмөттүн жана министрликтин Ардак грамоталары тапшырылат. Ошондой эле эмгеги сиңген темир жолчулар акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Ал эми 2-август жекшемби күнү Пишпек паркында өтүүчү салтанаттуу жыйынга атайын коноктор жана темир жолчулар чакырылган. “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш болуп, концерттик программа тартууланат.
Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.
Бардык жаңылыктар