Темир жолчулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын болду.
31 Июля 2015
Кыргызстандын темир жолчулары кесиптик майрамын майрамдап жатышат.
2015-жылдын 31-июль күнү Пишпек кичи районундагы темир жолчулардын клубунда салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев катышып, темир жолчуларды куттуктады. Ошондой эле Кыргыз өкмөтүнүн жана министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.
Сыйлык алгандардын арасында жол чарбасы филиалынын мастери Кемелбек Абылов, вагон чарбасы филиалынын слесары Александр Ерманов жана техникалык бөлүмдүн башчысы Людмила Иванова – Кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ал эми темир жол тармагындагы эң башкы сыйлык болгон “Ардактуу темир жолчу” төш белгисине Башкы директордун орун басары Руслан Бектемиров татыктуу болду.
Мындан тышкары “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери” жана “Ардак грамотасы” менен бир катар темир жолчулар сыйланышты.
Ал эми 2-август жекшемби күнү Пишпек паркында өтүүчү салтанаттуу жыйынга атайын коноктор жана темир жолчулар чакырылган. “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш болуп, концерттик программа тартууланат.
Ошондой эле эмгеги сиңген темир жолчулар акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Эске салсак, 1924-жылдын 8-августунда “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.
Бардык жаңылыктар