«Локомотив» спорт комплексинин таэквандо боюнча башкы машыктыруучусу Валерий Тен Кореяда өткөн мелдеште жеңишке жетишти.

12 Августа 2015

Кореянын Чоньджу шаарында таэквандо боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

 

 Ага жалпысынан дүнүйөнүн 40 мамлекетинен спортсмендер катышты.

Ал эми Чун Чонг шаарында таэквандо боюнча эл аралык ачык чемпионат болуп, ага дүнүйөнүн 100 өлкөсүнөн 2000 спортсмен катышты.

 Кыргызстандын спорт боюнча эл аралык чебери Валерий Тен бул эки мелдеште тең III-байгелүү орунду жеңип алды. Уюштуруучулар ага атайын медаль, диплом жана сертификат тапшырды.

 Эске салсак, Валерий Тен эл аралык калыс жана таэквандо боюнча 5 дандагы кара курдун ээси. Учурда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын таэквандо боюнча командасын жетектейт.

           

                      

Бардык жаңылыктар