№ 455/456 “Ташкент – Рыбачье” каттамы боюнча туристтик поезд Бишкек шаарына келди.
18 Августа 2015
Жайкы эс алуу сезонуна карата жаңы “Ташкен-Рыбачье” багыты боюнча поезд каттамы ачылды.
Аталган багыт боюнча эң алгачкы поезд Ташкент шаарынан 16-августта өзбекстандын убакыты боюнча 13 саат 27 минутада жөнөп, Бишкек шаарына 17-август күнү саат 11-30 да келди. Жүргүнчүлөрдүн айтымында аталган багыт боюнча поезд каттамы өтө ыңгайлуу. Авиакаттамдарга караганда билет баасы 3 эсеге арзан. Ошондой эле жолдо жүрүүдө эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес.
“Ташкент-Рыбачье” поезди Рыбачье шаарына Москва убактысы боюнча 12 саат 44 минутада жетет.
Андан кийинки поезддер 23-августта жана 30-августта ушул эле убакыт боюнча Ташкент шаарынан жөнөйт, жана 24-августта жана кийинки поезд 31-августта жогорудагы убакыт боюнча Рыбачьеге келет.
Ал эми Рыбачье шаарынан кайра Ташкент шаарына 18-августта, 25-августта жана 1-сентябрьда Москва убактысы боюнча түнкү саат: 2 ден 55 минута өткөндө жөнөп кетет.
Ташкент шаарына 19-августта, 26-августта жана 2-сентябрьда өзбекстандын убактысы боюнча таңкы саат: 7 ден 43 минута өткөндө жетет.
Поездин курамына 8 купе вагону жана атайын ресторан вагону бар. №9 жана №10-плацкарт вагону жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүп кетсе кошумча чиркелет.
Билет баалары төмөндөгүчө:
Рыбачье шаарынан Ташкент шаарына чейин - 4 миң 695 сомдон
Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин - 4 миң 277 сомдон
Аталган Ташкент-Рыбачье поезд каттамын келээрки 2016-жылы май айынан тартып, сентябрь айына чейин жүргүзүү пландаштырылууда.
Эске салсак, аталган багыт боюнча поезд каттамы акыркы жолу 2009-жылдын жайкы эс алуу сезонунда жүргөн.
Бардык жаңылыктар