Темир жолчулардын командасы Эгемендүүлүккө арналган турнирде биринчи орунду багындырды
2 Сентября 2015
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Эгемендүүлүк күнүнө карата турнир өткөрдү.
Ага жалпысынан 16 команда катышты.
Мини футбол боюнча өткөн мелдеште 16 команданын ичинен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын футболисттери эң мыкты оюн көргөзүп биринчи орунду жеңип алышты. Темир жолчуларга министрликтин атайын кубогу жана 7 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Кол күрөш боюнча мелдеште байгелүү үч орунду тең темир жолчулар жеңип алышты. 1-2-3-орунду жеңип алган балбандарга атайын диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.
Ошондой эле аркан тартыш жана гир көтөрүү боюнча да “Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортчулары биринчи байгелүү орундарга татыктуу болушту.
Турнирдин соңунда белгилүү болгондой жалпы командалык мелдеште темир жолчулар 1 орунду камсыз кылып, 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эгемендүүлүк күнүнө арналган турнирди Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев ачып, спортчуларды куттуктады.
Бардык жаңылыктар