Ыссык-Көлдө Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын 35-отуруму өтөт
3 Сентября 2015
2015-жылдын 8-сентябрында Чолпон-Атада өтүүчү аталган иш-чарага Россия, Казахстан, Азербайжан, Беларусь, Армения, Озбекстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышат.
Отурумдун расмий бөлүгүн Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын Төрагасы – “Россия темир жолу” Акционердик коомунун вице-президенти Олег Юрьевич Атьков жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо, Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү ачып беришет.
Жыйында каралуучу негизги маселелер: Эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук маселеси, жугуштуу ооруларга шектүү деп табылган жүргүнчүлөргө алгачкы медициналык жардам көргөзүү, ошондой эле жүрүп бараткан составдан жараат алган адамга реанимациялык иш-чараларды жүргүзүү маселелери.
Кыргызстандын темир жолун медициналык жактан камсыздоо, темир жолдогу санитардык-эпидемиологиялык абал туурасында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын ооруканасынын башкы дарыгери Мирлан Султаналиев жана санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери Майрамкүл Турдумамбетова кеңири маалымат беришет.
Отурумдун жыйынтыгында Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын 35-отурумунун протоколу кабыл алынат.
Бардык жаңылыктар