Ыссык-Көлдө Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын 35-отуруму болуп өтту.

8 Сентября 2015

2015-жылдын 8-сентябрында Чолпон-Атада өткон аталган иш-чарага Россия, Казахстан, Азербайжан, Беларусь, Армения, Озбекстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышты.

 Отурумдун расмий бөлүгүн Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын Төрагасы – “Россия темир жолу” Акционердик коомунун вице-президенти Олег Юрьевич Атьков жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин ачты. Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын атынан Башкы директордун орун басары Руслан Бектемиров куттуктоо сөз сүйлөдү.

 Жыйында Эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук маселеси, жугуштуу ооруларга шектүү деп табылган жүргүнчүлөргө алгачкы медициналык жардам көргөзүү, ошондой эле жүрүп бараткан составдан жараат алган адамга реанимациялык иш-чараларды жүргүзүү маселелери каралды.

  Кыргызстандын темир жолун медициналык жактан камсыздоо, темир жолдогу санитардык-эпидемиологиялык абал туурасында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын ооруканасынын башкы дарыгери Мирлан Султаналиев жана санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгери Майрамкүл Турдумамбетова кеңири маалымат беришти.

 Жыйындын жүрүшүндө Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын Төрагасынын орун басары шайланды. Ал Казахстандын темир жол медицинасынын Башкармалыгынын Төрагасы Серик Данбаев.

 Отурумдун жыйынтыгында Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол администрацияларынын саламаттыкты сактоо боюнча өз ара кызматташуу Комиссиясынын 35-отурумунун протоколу кабыл алынды.

            

           

 

Бардык жаңылыктар