«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
18 Сентября 2015
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2015-жылдын 21-сентябрынан 30-октябрьга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 119-чакырымынан тартып, 132-чакырымга чейин таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 21-сентябрдан тартып, 30-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 10-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу жабылып турат.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.