«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын спортчулары XV Эл аралык Ыссык-Көл оюндарында байгелүү орундарды жеңип алды
21 Сентября 2015
Ыссык-Көлдө “Азия кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” аттуу XV Эл аралык Ыссык-Көл оюндары болуп өттү. Ага дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 1800 спортчу катышты.
Кыргыз темир жолунун спортчулары эң сонун оюн көргөзүп, байгелүү орундарды багындырды. Жекече мелдеште темир жолчулар 14 медальга татыктуу болушса, анын ичинен 1 алтын, 4 күмүш жана 9 коло медаль бар. Ал эми аркан тартыш боюнча командалык мелдеште 3-орунду камсыз кылып, кубок жана коло медальга татыктуу болушту.
Ошентип, мелдешке катышкан командалардын ичинен темир жолчулар эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылышты.
Команданын курамы:
Батищев А.И. – күзөт кызматынын аткычы
Исмаилов Ш.Х - күзөт кызматынын аткычы
Исаров И.К. - күзөт кызматынын аткычы
Стихин М.В. – күзөт кызматынын кызматкери
Сарбалаев М.Ы. - күзөт кызматынын инструктор-наркологу
Момуналиев Б.М. - штукатур-маляр
Зулпукаров А.Т. – Кыргыз темир жолунун Иш башкаруучусу
Бардык жаңылыктар