«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
8 Октября 2015
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2015-жылдын 5-октябрынан 9-октябрьга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 5-октябрдан тартып, 9-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 10-00 дөн 16-00 гө чейин автомобиль жолу жабылып турат.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.