«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

12 Октября 2015

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2015-жылдын 12-октябрынан 16-октябрьга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

 

 Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 12-октябрдан тартып, 16-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 10-00 дөн 16-00 гө чейин автомобиль жолу жабылып турат.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар