“Кыргыз темир жолу” карыларга колдоо көргөздү

12 Октября 2015

Карыларды колдоонун бир айлыгынын алкагында темир жолчулар Бишкектеги карылар интернатында кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

 

 Аталган интернатта учурда 60 адам камкордукка алынган. Алардын арасында татаал тагдырга туш болгон Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери да бар.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы аталган борборду көп жылдардан бери колдоп, ар кандай жардамдарын берип келет.

Карыларды колдоонун бир айлыгынын алкагында ишкананын профсоюз уюмунун төрагасы Роберт Мазитов 15 комплекттен турган кийим илгичтерди тапшырды. Жардамдын жалпы баасы 20 миң сом. Ушул эле күнү кийим илгичтер карылар жашаган бөлмөлөргө бөлүштүрүлүп берилди.

Ал эми карылар интернатынын жетекчилиги мындай камкордук үчүн “Кыргыз темир жолуна” ыраазычылыгын билдирди.

            

            
 

Бардык жаңылыктар