“Локомотив” спорт комплексинин таэквандочулары Корея элчисинин кубогун жеңип алышты
21 Октября 2015
Бишкекте «Sun City» спорт аянтчасында Корея Республикасынын элчисинин кубогу үчүн 5-ачык мелдеш болуп өттү.
Мелдешке коңшулаш Алма-Ата шаарынан 1 команда, Тараз шаарынан 2 команда жана Чу шаарынан 1 команда болуп, Казахстандан 4 команда келсе, Кыргызстандын Бишкек, Токмок шаарларынан жана Жети өгүздөн келген командалардын саны 13 кө жетти. Ошентип, жалпысынан мелдешке 17 командадан турган 149 спортчу катышты.
Мелдеш жаш өзгөчөлүгүнө жараша 2 топко бөлүнүп, ар кандай салмактагы балдар кыздардын арасында курч өттү.
Тактап айтсак, 48 кг. салмакта Нурбек Адилет уулу, 55 кг. салмакта Марат Ниязов, 59 кг. салмакта Асет Абдрахимов биринчи орунду камсыз кылышса, кыздар арасында 52 кг. салмакта Александра Михальченко жана 59 кг. салмакта Сауле Абдрахимова 2 байгелүү орунду ээлешти.
Жыйынтыгында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын “Локомотив” спорт комплексинин таэквандочулары жогорку чеберчиликти көргөзүшүп, баш байге болгон Корея элчисинин кубогун жеңип алышты.