«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
28 Октября 2015
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2015-жылдын 26-октябрынан 30-октябрьга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 26-октябрдан тартып, 30-октябрьга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 9-00 дөн 16-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү, күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.