Темир жолчу Максим Стихин спорттук мелдеште байгелүү орундарды багындырды

16 Ноября 2015

Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасында темир жолчу Максим Стихин биринчи орунду жеңип алды.

 

 Ал аталган мелдеште спорттун кол күрөш түрү боюнча ат салышып, алдына эч кимди чыгарган жок. Мындай жогорку наамга ал 100 килограмдык салмакта алдыңкы орунга чыкты.

 Белгилей кетсек, Максим Стихин спорттун кыргыз күрөш, оор атлетика, сумо, кол күрөш жана эркин күрөш түрлөрү боюнча машыгып келет. Учурда ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматында эмгектенет.

 Максим Стихин дагы бир жеңишке Олимпиаданын чемпиону, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европа жана СССРдин 2 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча турнирде жетишти. Ал 105 килограмдык салмакта 190 килограмдык штанганы көтөрүп III-байгелүү орунду камсыз кылды. 

 Эске салсак, бул эки мелдешти тең Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган.

 

     

Бардык жаңылыктар