Темир жолдо коопсуздук иштери күчөтүлдү

20 Ноября 2015

Жүргүнчүлөр сапарга чыгуучу “Бишкек II” темир жол бекетинде коопсуздук иштери күчөтүлдү.

 

 “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин чечими менен жүргүнчүлөрдү өткөрүү тартиби өзгөрдү. Тактап айтсак, учурда жүргүнчүлөр борбордук эшик аркылуу гана өтүп жатышат. Буга чейин өткөрмө посту болгон кошумча эшиктер убактылуу жабылды. Натыйжада ар бир жүргүнчүнүн кол жүгү жана жанындагы буюм-тайымдары тыкыр текшерилип жатат.

 Мындан тышкары “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан  видеокөзөмөл үчүн атайын жабдуулар сатылып алынды. Алар видео камералар жана атайын монитор. Жабдуунун жалпы баасы 120 000 сомду түзөт.

 Видеокамералар бекеттин тышкы жана ички обьектилерине орнотулуп, мөөнөтчү тарабынан монитор аркылуу шектүү делген жүргүнчүлөр менен предметтер толук байкоого алынып турат.Учурда Транспорттогу ички иштер башкармалыгы атайын жабдуулар менен көзөмөл иштерин күчөтүлгөн режимде жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле Бишкек-Мерке, Бишкек-Токмок багыты боюнча да темир жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

         

         
 

Бардык жаңылыктар