Темир жолчулар жер титирөөдөн жапа чеккендерге 1 млн. сом жардам көргөздү
4 Декабря 2015
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын каржы башкармалыгы жер титирөөдөн жабыр тарткандардын атайын эсебине 1 млн. сом акча каражатын которуп берди.
Мындай чечим ишкананын жетекчилиги жана профсоюз уюму тарабынан кабыл алынган. Буга чейин турак-жайсыз калгандар үчүн темир жолчулар тарабынан контейнерлер да берилген болчу. Акчалай колдоо табигат кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө берилет.
Эске салсак, Ош областында катталган жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк борборунда атайын эсеп ачылган. Табигат кырсыгынан Ош областы боюнча 431 үй 4-баскычта жана 11 үй 5-баскычта жабыр тартышкан.
Бардык жаңылыктар