“Локомотив” муз аянтчасында КТРК менен биргеликте “Муз доору” теледолбоору башталды

11 Декабря 2015

12-декабрьдан тартып, Коомдук телерадио корпорациясы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте жаңы телекөрсөтүүнү эфирге алып чыгат.

 

 Бул “Муз доору” деп аталган спорттук теледолбоор. Көрсөтүүдө белгилүү кыргыз эстрада ырчылары жана журналисттер менен теле алып баруучулар 4 командага бөлүнүп өз ара мелдешет. 35 минутадан турган көрсөтүү жаңы жыл алдында 4 жолу эфирге чыгат жана жеңүүчүлөр аныкталат.

 “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев КТРК менен мындан ары да өз ара кызматташуулар улана тургандыгын жана ишкана тарабынан ар тараптуу колдоолор көргөзүлөөрүн билдирди. “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан “Локомотив” муз аянтчасы акысыз берилип, атайын кубок, дипломдор даярдалган.

 Белгилей кетсек, долбоордун автору, КТРКнын спорт коментатору Кубан Атабеков буга чейин “Чилденин чилтендери” спорттук көрсөтүүсүн эфирге алып чыккан жана ушул өңдүү көрсөтүүнү эми “Локомотив” муз аянтчасында улантып жатат. “Бул жерде бардык ыңгайлуу шарттар бар, буйруса дагы башка долбоорлорду да ишке ашырабыз” - деген оюн билдирди Кубан Атабеков.

 “Муз доору” теледолбооруна журналист Рахат Сулайманов, ырчылар: Назми, Иса Омуркулов, Айгүл Чалова, Адилет Азимов, Аима жана Роза Шакирова катышат.

Эң алгачкы көрсөтүү 2015-жылдын 12-декабрында саат 19-00 дө биринчи улуттук каналдын эфирине чыгат.

            

            

Бардык жаңылыктар