Темир жолчулардын ооруканасында өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуу өттү
15 Декабря 2015
Таңкы саат 5. Темир жол ооруканасында өрт кырсыгы катталды.
Чукул маалымат Бишкек шаардык мамлекеттик өрт кызматы башкармалыгына келип түштү. Тез арада өрт кызматы темир жол ооруканасынын терапия бөлүмүнө жетип келип, өрткө каршы иш-чараларды баштады. Кырсык болгон жерге темир жолчулар ооруканасынын жетекчилиги, дарыгерлер да келишти.
Эң биринчиден оорулууларды эвакуациялоо маселеси колго алынып, алар коопсуз жайга жайгаштырылды. Тез арада өрт өчүрүүчү шаймандар, суу гидранты жумушчу абалга келтирилип, өрт кырсыгы четтетилди. Машыгуу жалпысынан 1 саатка созулуп, белгиленген иш-чаралар толугу менен аткарылды.
Бишкек шаардык мамлекеттик өрт кызматы башкармалыгынын өрт өчүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, майор Нурлан Молдобеков оорукананын Башкы дарыгери Мирлан Султаналиев баштаган жетекчиликке отчет берди. Анын айтымында өрт кырсыгынын кесепеттери өз убагында толугу менен четтетилди. Ооруканада оорулууларды эвакуациялоонун схемасы бар экендиги жана өрт учурунда кандай иш-чараларды жүргүзүү боюнча дарыгерлер кабардар экендиги белгиленди. Мөөнөтчү медициналык кызматкерлер да өз милдеттерин так билишет.
Ошентип, өрт кызматынын отчету боюнча темир жол ооруканасында өткөн өрткө каршы машыгуу жогорку деңгеелде өттү жана өрт кырсыгын алдын-алуу жана өрт эрежелерин сактоо боюнча бардык шарттар түзүлгөн.
Бардык жаңылыктар