«24.kg» маалымат агенттигинин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы туурасындагы маалыматы чындыкка дал келбейт
25 Декабря 2015
Журналист Наргиза Осмонова жарандык активист Адиль Турдукуловдун сөзүнө таянып, “Кыргыз өкмөтү тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы сатыкка коюлат” – деген маалыматты жарыялаган.
Бул такталбаган, жалган маалымат экендигин Басма сөз кызматы расмий түрдө билдирет.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда толугу менен мамлекеттик болуп эсептелет жана аны сатуу боюнча эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес.
Учурда ишкана штаттык режимде бир калыпта иштеп жатат.
Бардык жаңылыктар