“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалынын жетекчиси Сапар Садыралиев – “2015-жылдын мыкты темир жолчусу” номинациясына татыктуу болду.

25 Декабря 2015

Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы 2015-жылдын мыктыларын аныктады.

 

Аталган журнал эки ай бою окурмандар арасында “Жылдын мыктыларын” аныктоо максатында добуш берүүнү уюштурган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалып алынган жетекчилердин рейтинги аныкталды.

Жыйынтык көргөзгөндөй “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалынын жетекчиси Сапар Садыралиев - “2015-жылдын мыкты темир жолчусу” деп табылды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты борборубуздагы “Алтын казына” ресторанында өткөрүлүп, ага элибизге белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер, искусство чеберлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалынын жетекчиси Сапар Садыралиевге жылдын мыктысы атайын диплому жана статуеткасы тапшырылды. Сыйлыкты КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурадыл Мадеминов тапшырды.

Белгилей кетсек, сыйлыктар 30 га жакын номинациялар менен ыйгарылды. Алардын арасында “Жылдын мыкты ишканасы” “Жылдын мыкты айымы” “Жылдын мыкты депутаты” жана башка номинациялар бар.

Сыйлык тапшыруу салтанаты искусство чеберлеринин маданий программасы менен коштолду.

     

              

              

Бардык жаңылыктар