Урматтуу кыргыз элим жана Кыргызстандын темир жолчулары !
28 Декабря 2015
Жергебизге жаңы 2016-жыл кадамын таштап кирип келди.
Сапарын карыткан 2015-жыл тарыхый окуяларга бай болуп, жергебизде стабилдүүлүк орноп, ынтымак-ырашкерликке жетише алдык. Ошондой эле шериктештикке кирген мамлекеттер арасында бирдиктүү экономикалык кызматташтыкка жол ачкан Евразия экономикалык уюмуна кошулдук.
Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы узап бараткан жылда бир катар ийгиликтерге жетише алды. Ошондой эле вагондорду ремонттоо, темир жолду модернизациялоо иштери колго алынды. 2015-жылы 25 чакырымдан ашык темир жолуна капиталдык ремонт жасалды. Кылымга тете тарыхты басып өткөн темир жолчулар учурда алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүп өсүшү үчүн талбай эмгектенип жатышат.
Ылайым жаңы жылда да ийгиликтерибиз арбын болсун. Жаңырган 2016-жыл элибизге бакыт- таалай, ырыскы-берекени алып келсин. Элибиздин жашоо деңгеели көтөрүлүп, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун.
Сиздерди жаңы жылыңыздар менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!
Ал эми темир жолчуларга жаңы жылда асыл ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигимди билдирем!
Жаңы жылыңыздар менен!
урматым менен,
Алмазбек Ногойбаев
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору