“Локомотив” спорт комплекси кайрымдуулук иш-чара өткөрдү
22 Января 2016
Бул күндөрү “Локомотив” муз айдыңында эл көп.
Окуучулар үчүн эс алуу каникулу болгондуктан, муз үстүндө машыгып, муз тебүүчүлөрдүн саны арбын.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары жана майып балдар үчүн да такай колдоо көргөзүп келет. Бишкек мэриясына караштуу №3-аймактык муниципалдык башкаруусунан жана Камышановка айыл өкмөтүнөн атайын кат келип түшкөн. Анда ошондой колдоого муктаж балдарга муз тебүүгө уруксаат берүү боюнча өтүнүч жазылган. Темир жолдун жетекчилиги катты карап чыгып, атайын токтом менен акысыз муз тебүүгө уруксаат берди.
Эми минтип Арча-Бешик, Ак-Оргөө жана Ала-Тоо жаңы конушунан 155 бала акысыз муз тееп көңүл ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул күнү Камышановка айыл өкмөтүнөн да 20 балага колдоо көргөзүлдү.
Аларды куттуктоо үчүн аймактык муниципалдык башкаруунун мурдакы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова келди. Ал куру кол келбестен балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.
Ал эми “Кыргыз темир жолу” ишканасы мындай кайрымдуулук иш-чараларды мындан ары да колго алаары белгилүү болду.