Галина Финаева КРнын темир жолчуларынын Ардагерлер Кеңешинин Төрайымы болуп шайланды

18 Марта 2016

Темир жолчулардын клубунда Ардагерлер Кеңешинин IV отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

 Күн тартибине: Ардагерлер Кеңешинин 2011-2015-жылдардагы отчету, ревизиялык комиссиясынын отчету, Ардагерлер Кеңешинин Төрагасын жана курамын шайлоо маселелери коюлган.

 Алгач, Ардагерлер Кеңешинин Төрайымы Галина Финаева беш жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча доклад жасады. Анын айтымында эң башкы максат: ардагерлерди социалдык жактан колдоого багытталды. Эң башкысы ардагерлер ар тараптуу колдоого алынды.

 Андан соң ревизиялык комиссиясы отчет берди. Маалым болгондой Ардагерлер Кеңешинин беш жылдык ишмердүүлүгүндө каржылык, социалдык маселелер боюнча одоно кемчилдиктер кетирилген эмес. Айрыкча, каржылык документтер өз убагында жасалып, бардык талаптарга жооп берет.

Конференциянын жүрүшүндө делегаттар да өз ойлорун ортого салышты.

 Конференциянын ишине Республикалык Ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын темир жолчуларынын Ардагерлер Кеңешинин ишмердүүлүгүн жогору баалашты жана мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалашты.

 Ошентип, Кыргызстандын темир жолчуларынын Ардагерлер Кеңешинин беш жылдык ишмердүүлүгү делегаттар тарабынан колдоого алынып, бир добуштан жогорку деңгеелде баа берилди.

Конференциянын жүрүшүндө Кеңештин жаңы курамы шайланды.

 Ардагерлер Кеңешинин Төрайымдыгына Галина Финаеванын талапкерлиги коюлуп, делегаттардын көпчүлүк добушу менен Ардагерлер Кеңешинин Төрайымы болуп шайланды.

         

         

Бардык жаңылыктар