Темир жолчу Максим Стихин сумо күрөшү боюнча эл аралык ачык турнирде 2 орунду жеңип алды

28 Марта 2016

Эске салсак, Бишкек мэриясынын байгеси үчүн сумо күрөшү боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Бул иш-чара Жапан жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Салтанаттуу ачылыш аземине сумо күрөшү боюнча Асоциациянын вице-президенти Эмиль Жамангулов, Кыргызстандагы Жапан элчилигинин кеңешчиси Харада Кадзуя катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.

Ал эми мелдешке 1998-2000 жылы туулган өспүрүмдөр жана аялдар, эркектер курамы катышты.

Жаш өспүрүмдөр 3 салмак боюнча ал эми эркектер абсолюттук категорияда ат салышты.

      

Бардык жаңылыктар