Кыргыз жергесинде Темир жол кызматташтык уюмунун (ТЖКУ) XXXI отуруму өтөт

18 Апреля 2016

2016-жылдын 25-29-апрелинде Чолпон-Ата шаарында Темир жол кызматташтык уюмунун (ТЖКУ) темир жолдорунун Башкы директорлорунун (жооптуу өкүлдөрүнүн) конференциясынын XXXI отуруму болот. Анда темир жолдун өнүгүүсү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана бирдиктүү кызматташтык маселелери каралат. Иш-чарага Россия, Казахстан, Корея, Польша, Словакия, Кытай, Эстония сыяктуу 19 мамлекеттен 150 гө жакын өкүлдөр катышат. Аталган уюмдун башкы кеңсеси Варшавада жайгашкан. Уюмдун ишмердүүлүгүнө быйыл 60 жыл толот.

 Кыргызстан үчүн бул отурумдун мааниси чоң. Кыргыз темир жолунун келечеги, темир жол байланышын кеңейтүү жана заманбап ыкмаларга өтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Президенттин Аппаратынан, Кыргыз өкмөтүнөн жана профилдик министрликтен расмий адамдар чакырылган.

 Отурум 25-апрелде «Радуга+» эс алуу борборунда саат: 10-00 дө башталат.  Башкы директорлордун Пленардык жыйыны 28-апрелде саат: 10-00 дө болот.

 Массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Пленардык жыйынга чакырылган.

Бардык жаңылыктар