Чолпон-Ата шаарында Темир жол кызматташтык уюмунун (ТЖКУ) темир жолдорунун Башкы директорлорунун (жооптуу өкүлдөрүнүн) конференциясынын XXXI отуруму өз ишин баштады.

25 Апреля 2016

Иш-чарага 21 мамлекеттин темир жолдорунан 150 гө жакын өкүлдөр жана байкоочулар тобу катышууда. Аталган уюмдун башкы кеңсеси Варшавада жайгашкан. Уюмдун ишмердүүлүгүнө быйыл 60 жыл толот.

  Отурумду “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев ачып, уюмдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал эми катчылык милдетти ТЖКУнун катчысы Аттила Кишш аткарып жатат.


Отурумдун күн тартибине ылайык ТЖКУнун комиссияларынын 2015-жылдагы аткарган иштери каралат.

Ошондой эле Корея Республикасын ТЖКУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу жана аталган уюмдун 2015-жылдагы аткарган иштери талкууга алынмакчы.

Бардык жаңылыктар