Чолпон-Ата шаарында Темир жол кызматташтык уюмунун (ТЖКУ) темир жолдорунун Башкы директорлорунун (жооптуу өкүлдөрүнүн) конференциясынын XXXI отуруму өз ишин аяктады.
6 Мая 2016
Иш-чарага 21 мамлекеттин темир жолдорунан 150 гө жакын өкүлдөр жана байкоочулар тобу катышты. Аталган уюмдун башкы кеңсеси Варшавада жайгашкан. Уюмдун ишмердүүлүгүнө быйыл 60 жыл толот.
Отурумду “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев ачып, уюмдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал эми катчылык милдетти ТЖКУнун катчысы Аттила Кишш аткарды.
Отурумдун күн тартибине ылайык ТЖКУнун комиссияларынын 2015-жылдагы аткарган иштери каралды. Ошондой эле Корея Республикасын ТЖКУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу жана аталган уюмдун 2015-жылдагы аткарган иштери талкууга алынды.
Отурумдун жыйынтыгында жыйынтыктоочу Протоколго колдор коюлду.
Темир жол кызматташтык уюмунун (ТЖКУ) темир жолдорунун Башкы директорлорунун (жооптуу өкүлдөрүнүн) конференциясынын кезектеги XXXII отуруму 2017-жылдын апрель айында Беларусь Республикасында өткөрүлөөрү белгиленди.
Белгилей кетсек аталган уюмга быйыл 60 жыл толот. Ага 28 мамлекеттин темир жол администрациялары мүчө.
Бардык жаңылыктар