Темир жолчулар Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилешти
1 Июня 2016
Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараны профсоюз уюму уюштурду.
Бүткүл дүйнө жүзүндө бул майрамды жылуу маанай менен тосуп алышат. Анткени ар бир адамдын жашоосунда баладан артык нерсе жок.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин атынан профсоюз уюмунун төрагасынын орун басары Коростилев Александр Михайлович куттуктоо айтып, маданий мекемеде балдар үчүн бардык шарттар бар экендигин белгиледи.
Балдар майрамын темир жолчулар клубунун бий студиясынын өнөрпоздору баштап беришти. Бул күн жайдын алгачкы күнү эмеспи.
Оюн-зоок программасында 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып, аларга белек-бечкектер тапшырылды. Ошондой эле “Кара жорго” бийи өзгөчө шаң тартуулады.