Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын имаратында ремонт иштери жүргүзүлдү

3 Июня 2016

Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын имараты жана короосу көп жылдардан бери ремонттолгон эмес.

 Эми минтип ремонт иштери колго алынды. Башкармалыктын начальниги, милициянын полковниги Каныбек Жумашалиевдин айтымында имараттын короосундагы тосмолордун, эшик терезелердин кейпи кетип, ремонтту талап кылган эле. Ал эми имараттын айланасындагы асфальт көчүп олтуруп, тешиктер пайда болгон. Башкармалыктын аракети менен бардык керектүү курулуш материалдары алынып келинип ремонт иштери жасалды. Ал эми короонун ичине толугу менен асфальт төшөлүп чыкты.

Белгилей кетсек, Каныбек Жумашалиев өзү баш болуп асфальт төшөө иштерин баштап берди. Аны кызматкерлер аягына чыгарды.

Азыр имарат жана анын короосу жаңыртылып, өздүк курам үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

            

            

            
  

Бардык жаңылыктар