“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Россияга каттоочу поезддерге билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт
28 Октября 2016
Россия жана Казахстан менен кабыл алынган макулдашууга ылайык, эми поезддердин жүргүнчүлөрү билеттерди алдын-ала сатып алса жеңилдиктер берилет. Мындай жеңилдиктер алдын-ала сатылып алынган билеттердин мөөнөтүнө жараша болот.
Эгерде жүргүнчү Россияга сатылуучу поезд билеттерин купе вагонуна 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 45 % жеңилдик берилет.
Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 35 % га арзан баада сатып алса болот.
Эгерде жүргүнчү билетти плацкарт вагонуна поезд кетүүчү күнгө чейин 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 35% га барабар жеңилдик берилет.
Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 25 % га арзан баада сатып алса болот.
Бүгүнкү күндө Бишкектен Москва шаарына чейин купе вагонуна билет баасы 23 миң 615 сом. Эгерде 45% жеңилдик менен сатып алса 14 миң 335 сомду түзөт. 35% жеңилдик менен сатып алса 16 миң 266 сом болот.
Ал эми плацкарт вагонуна билет баасы 14 миң 656 сом. Эгерде 35% жеңилдик менен сатып алса 10 миң 257 сомду түзөт. Ал эми 25% жеңилдик менен 11 миң 420 сом болот.
Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча купе вагонуна билет баасы 13 миң 048 сом. 45% жеңилдик менен 8 миң 236 сомго сатып алса болот. Ал эми 35% жеңилдик менен 9 миң 253 сомду түзөт.
Ал эми плацкарт вагонуна билеттин баасы 8 миң 363 сом. 35% жеңилдик менен 6 миң 032 сомго сатып алса болот. 25% жеңилдик менен 6 миң 661 сомду түзөт.
Бишкек-Новокузнецк багыты боюнча да ушундай эле жеңилдиктер менен билет сатып алууга болот.
Эскерте кетүүчү нерсе: мындай жеңилдиктер Кыргызстандын ички поезддерине жана жамаат менен жол жүрүүчү жүргүнчүлөргө колдонулбайт. Ал эми жол жүрүү билетинин баасы Швейцария франкынын курсуна барабар өзгөрүлүп турат.
Кошумча маалымат үчүн телефондор: 92 68 54, 30 02 09, 92 74 75
Бардык жаңылыктар