«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
4 Ноября 2016
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2016-жылдын 8-ноябрынан тартып, 10-ноябрга чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 64-чакырымында ремонт иштери жүргүзүлөт.
Андыктан, кайтарууга алынган темир жол өткөрмөсү жайгашкан участок Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан жабылат.
Ал эми автомашиналар 2016-жылдын 8-ноябрынан тартып, 10-ноябрга чейин, саат 8-00 дөн 18-00 гө чейин Токмок шаарындагы айланып өтүүчү автомобиль жолу аркылуу өткөрүлөт. Ремонт ишери Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы, ПЛУАД-1 ишканасы жана Токмок шаарынын мэриясы менен макулдашылган.
Эскерте кетсек, ремонт иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.