“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Ногойбаев Алмазбек Бердибековичтин жаңы жылдык куттуктоосу

28 Декабря 2016

Урматтуу темир жолчулар !

 Жергебизге жаңы 2017-жыл кадамын таштап кирип келди. Сапарын карыткан 2016-жыл тарыхый окуяларга бай болуп, жергебизде стабилдүүлүк орноп, ынтымак-ырашкерликке жол ачылды.

 Ошондой эле Кыргыз мамлекетинде бир катар дүйнөлүк иш-чаралар өткөрүлүп, жаңы Конституция кабыл алынды. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, кадыр-баркын көтөрдү.

 Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы узап бараткан жылда бир катар ийгиликтерге жетише алды. Ошондой эле вагондорду ремонттоо, темир жолду модернизациялоо иштери колго алынды. 2016-жылы 16, 643 чакырымдан ашык темир жолуна капиталдык ремонт жасалды. Кылымга тете тарыхты басып өткөн темир жолчулар учурда алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекетибиздин мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн талбай эмгектенип жатышат.
Ылайым жаңы жылда да ийгиликтерибиз арбын болсун. Жаңырган 2017-жыл элибизге бакыт- таалай, ырыскы-берекени алып келсин. Элибиздин жашоосу жакшырган өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун.

 Сиздерди жаңы жылыңыздар менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын! Жаңы жылда асыл ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигимди билдирем!
Жаңы жылыңыздар менен!
урматым менен,

Алмазбек Ногойбаев
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”
мамлекеттик ишканасынын Башкы директору           

Бардык жаңылыктар