Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы.

3 Сентября 2013

Август айынын алгачкы жекшембиси - Кыргызстандын темир жол кызматкерлеринин күнү.

Темир жол кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган расмий салтанат 2-август күнү “№ 97-Темир жолчулар лицейинде” өткөрүлдү. Ал эми 4-август жекшемби күнү “Пишпек” кичи районундагы темир жолчулардын эс алуу багында негизги майрамдык салтанат болду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Башкармалыгы тарабынан быйыл кесиптик майрамдын урматына карата бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Маселен, ар бир филиалдарда салтанаттуу жыйындар болуп, эс алуу багында Кыргыз артисттеринин майрамдык концерти тартууланды. Ал эми “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш өттү. Быйыл алдыңкы темир жолчулар үчүн “Ардактуу темир жолчу” жогорку наамы жана министрликтин “Ардак грамоталары тапшырылды.

 

Бардык жаңылыктар