“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” Мамлекеттик ишканасы
4 Сентября 2013
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын 2 кызматкери көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн темир жолчуларынын эң жогорку сыйлыгы “Ардактуу темир жолчу” сылыгы менен сыйланды.
Эмгектеги жетишкендиктери, жана темир жол транспортуна сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле темир жолчулардын күнүнө карата – “Кыргыз темир жолу” ишканасынын финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Галина Хасанова, жана Аскерлештирилген күзөт кызматынын башчысынын орун басары Исадила Качиев “Ардактуу темир жолчу” сыйлыгына татыктуу болушту.
Ошондой эле 15 кызматкер Транспорт жана коммуникация министрлигинин “Ардак грамотасын” алышты. Алардын арасында ремонттук-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо Башкармалыгынын башчысы Абдылда Усубакунов, жана электроэнергия, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын Башкы инженери Акылбек Акматбеков бар.
Темир жолчулардын кесиптик майрамына арналган салтанат темир жолчулардын №97 кесиптик лицейинде болуп өттү. Ага транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов катышып, майрам ээлерин куттуктады.
Жекшемби, 4-август күнү “Пишпек” эс алуу багында темир жолчулардын кесиптик майрамына арналган чоң программадагы маданий иш-чара өткөрүлүп, “Локомотив” спорт комплексинде футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Бардык жаңылыктар