«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы

25 Июля 2013

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы бүгүнкү күнгө чейин 1 116 адамды көгүлтүр көл жээгинде эс алдырып келди.

Учурда “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” каттамындагы поездге күн сайын кошумча вагондор чиркештирилип жатат. “Кыргыз темир жолу” ишканасы уюштурган эс алуучу “Вагон-Поезд” менен ушул күнгө чейин жалпысынан 1 116 адам көл жээгинде эс алып келишти. Алардын ичинен 357 бала ишканага караштуу “Жалын” балдар лагеринде эс алууда. Азыр 31–августка чейин график түзүлүп эс алуучулардын тизмелери такталууда. Жыйынтык көргөзгөндөй “Вагон-Поездге” талап күчөп, күн сайын жөнөтүлүүдө.

   Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы быйыл да салтка айланган жайкы эс алууну уюштуруу иштерин колго алган. Жыл сайын июль-август айларында “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” каттамындагы поездге кошумча вагондор чиркештирилет. Анда эс алууну калоочулар “Боом капчыгайы” аркылуу Рыбачьеге чейин поезд менен барышып, көл жээгиндеги атайын токтоочу жайда эс алышат. Алар үчүн вагондо бардык шарттар бар. Узатуучулар иштеп, төшөк жууркандар берилет, жана ысык чай менен камсыз болушат.

Быйылкы жылдын эң алгачкы эс алуучулары 7-июльда Рыбачьеге жөнөп кетишкен. Алардын жалпы саны 100 адамга жакын.

Каалоочулар болсо, жамааттык арыз менен ишканага кайрылып, көл жээгинде эс алып келүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.
Төмөндө “Вагон-Поезддин” баалары боюнча маалымат билдиребиз:
“Бишкек-II” станциясынан Рыбачьеге чейин плацкарт вагонунда бир адамдын жол кире акысы чоңдор үчүн - 69 сом

Балдар үчүн - 35 сом.

Төшөк-жууркандар - 140 сом

Бир орундун баасы - 227 сом.

Барып келген жол акысын кошкондо бир адамга төлөнүүчү жалпы каражат

чондор үчүн 505, 86 сом, ал эми балдар үчүн 437,86 сомду түзөт.

Купе вагонунун баасы бир аз жогору. 

Толук маалымат үчүн байланыш телефону: 92-71-00

Бардык жаңылыктар