"Кыргыз темир жолу" сакталбаган жүктөрдүн иши боюнча 3 млн. сомдон ашык акча каражатын өз пайдасына утуп алды.

22 Октября 2013

Чолпон-Атада шериктештикке кирген мамлекеттердин жана Прибалтика менен Грузиянын темир жол администрацияларынын кеңешмеси болуп өттү.

  Чолпон-Ата шаарында шериктештикке кирген мамлекеттер жана Прибалтика менен Грузиянын темир жол ишканаларынын өкүлдөрү катышкан кеңешме болуп өттү. Анда темир жол аркылуу жүктөрдү ташуу учурунда уурдалган жүктөрдөн келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү маселеси талкууланды. Россия, Казахстан, Украина, Молдова жана Беларуссия өлкөлөрүнөн келишкен адистер бир жума бою аталган иштер боюнча далилдерди келтиришип, кызуу талкуулар жүрдү. Мындай жыйын жылына эки жолу өткөрүлүп, жыйынтыгында протоколдорго кол коюлат.

  Бул жолку жыйынды толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы уюштуруп, ага Төрагалык кылды. Кеңешменин Төрайымы Светлана Наумованын айтымында:“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы тарабынан сунушталган бардык иштер оң жагына чечилип, ишкана 3 млн. 500 миң сомду ишкананын пайдасына утуп алды. Эми бул акча каражаты башка темир жол администрацияларынын эсебинен “Кыргыз темир жолуна төлөнүп берилет.

  Кеңешмеге 15 өлкөдөн 50 дөн ашык адистер катышышты жана кийинки жыйынды Казахстанда өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Бардык жаңылыктар